Кытай менен Кыргызстан соода жүгүртүүсү 2025-жылы 27,2 млрд долларга жетти
Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 27,2 млрд долларды түзгөнүн Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпинь билдирди.
Ушул тапта Кыргызстан Кытайдын Борбор Азиядагы экинчи ири соода өнөктөшү болуп саналат, ал эми эки тараптуу сооданын көлөмү Кытайдын аймактагы өлкөлөр менен болгон жалпы товар жүгүртүүсүнүн 4/1 бөлүгүн түзөт.
"2025-жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода көлөмү 27,2 млрд долларга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 20%га өскөн жана кезектеги тарыхый рекордду койгон. Ошол эле учурда өсүү темпи боюнча Борбор Азияда эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду. Кыргызстандан импорттоо 86%га өсүп, эки өлкө ортосундагы соода балансы жакшырууну улантууда", - деди элчи.