Өлкөнүн салыктык эмес кирешесинин ИДПдагы үлүшү 2028-жылга чейин 16,8%га азаят
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун 2025-жылдын декабрындагы баяндамасында аналитиктер Кыргызстанда орто мөөнөттүү келечекте бюджеттин салыктык кирешелери кыскарышы мүмкүн экенин билдиришкен.
Баалоолорго ылайык, 2024–2025-жылдары салыктык түшүүлөр ички дүң продукциянын (ИДП) 20,7%ын түзгөн.
Аналитиктердин күтүүсүнө караганда, 2026-жылы бул көрсөткүч 19,7%га чейин төмөндөйт. 2027-2028-жылдары салыктык кирешелер тиешелүүлүгүнө жараша 18,1%ды жана 16,8%ды түзөт.
"Кыргызстандын бюджети 2025-жылы негизинен салыктык эмес кирешелердин өсүшүнүн эсебинен рекорддук профицит менен аткарылды", — деп белгилешет аналитиктер.