Apple корпорациясы жаңы AirTag геобелгисин чыгарды

Apple корпорациясы жаңы AirTag геобелгисин чыгарды

Apple корпорациясы фирмалык AirTag геобелгисинин жаңы муунун сунуштап, издөө аралыгынын кеңейишине жана үнүнүн жакшырышына басым жасаганын компаниянын расмий сайтында маалымдалды.

Аралык мурунку версияга салыштырмалуу 50%га көбөйгөнү белгиленет. Ошондой эле жаңыртылган Bluetooth чип орнотулуп, бул байкоо жүргүзүүнүн жалпы радиусуна оң таасирин тийгизди. Камтылган динамик да болжол менен 50%га катуураак болуп, белгини жакын жерден табууну жеңилдетет.

Бул түзмөктүн сатылышы кечээ күнү башталды. АКШдагы баасы өзгөрүүсүз калды: бир белги — 30 доллар, төрт түзмөктөн турган топтом — 100 доллар.

AirTag — бул Bluetooth жана UWB чиби менен жабдылган Apple’дин компакттуу белгиси болуп, ал жоголгон буюмдарды "Локатор" тиркемеси аркылуу табууга жардам берет. Аны ачкычка, рюкзакка же чемоданга тагып, картадан болжолдуу же так жайгашкан жерин көрүүгө болот. Айрым колдонуучулар белгини үй жаныбарларынын моюн боосуна тагышат, унааларга жашырышат же кийимдерине тигишет.

Мындан тышкары окуңуз

МСК ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдү аныктап, мыйзамга каршы аракеттер токтотулат

МСК ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдү аныктап, мыйзамга каршы аракеттер токтотулат

Айрым ак ниетсиз салык төлөөчүлөр салыктык эсепке алуу маалыматтарын атайылап бурмалап, жалган электрондук эсеп фактурасын тариздөө жолу менен жасалма чыгымдарды түзүп, салыктык милдеттенмелерди мыйзамсыз түрдө азайтууга аракет кылышууда. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды тариздөө товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн реалдуу чарбалык операциясы

Ош облусунун сот системасында “жалган кызматкерлер” иштегендиги аныкталды

Ош облусунун сот системасында “жалган кызматкерлер” иштегендиги аныкталды

Ош облусунун сот системасындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча УКМК тергөө иш-чараларын жүргүздү. Анын алкагында Ош облусунун административдик сотунун кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларынын далилдери аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсунө караганда, алар документтерди жасалмалоо жана соттун аппаратына “жалган кызматкерлерди” жумушка орноштуруп

Таксисттерге лицензия берүү мөөнөтү кайра узартылбайт

Таксисттерге лицензия берүү мөөнөтү кайра узартылбайт

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы такси айдоочуларына лицензия берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылганын жана бул мөөнөт мындан ары кайрадан узартылбай турганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2-февралдан тарта өлкө боюнча рейддик иш-чаралар башталат. Алар бардык такси унааларында жана таксисттерде лицензиянын бар-жогун текшерүүгө багытталат. Укук коргоо органдары

Майыптуулугу бар адамдар үчүн "YouTube-мектеп" долбоору ишке кирди

Майыптуулугу бар адамдар үчүн "YouTube-мектеп" долбоору ишке кирди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси коомдук "Мүмкүнчүлүк" бирикмеси менен биргеликте майыптуулугу бар адамдар үчүн "YouTube-мектеп" билим берүү долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоорго Реабилитациялык борбордо дарыланып, калыбына келтирүү курсунан өтүп жаткан жана социалдык адаптация процессиндеги майыптуулугу бар жарандар