Транзакцияга салыкты 0,1%га чейин төмөндөтүү сунушталды

Транзакцияга салыкты 0,1%га чейин төмөндөтүү сунушталды

Мамлекеттик салык кызматы банк секторунун жана Кыргызстан банктарынын бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Салык кызматынан билдиришкендей, жолугушууда салык мыйзамдарына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөр, анын ичинде "Транзакцияга салык" атайын салык режими жана 2025-жылдын 31-декабрындагы Мыйзамга ылайык, бул салыктын ставкасын 0,2%дан 0,1%га чейин төмөндөтүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле транзакцияга салыкты башкаруу процесстерин автоматташтыруу, маалымат алмашууну жеңилдетүү жана кызматташтыкты күчөтүү багытындагы иштер каралды.

Салык мыйзамдарына ылайык, банк эсеп ачылган учурда транзакцияларды жүргүзүүдө салык агенти катары бул салыкты кармап, бюджетке төлөп берет.

Транзакцияларды жүргүзгөн субъекттер "Транзакцияга салык" атайын салык режимин гана колдонууга тийиш. Бул режимдин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында башка ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынат.

Транзакциялык иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр атайын салык режимин колдонуу тууралуу арызды 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык катталган жери боюнча салык органына тапшырууга милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Барскоон – Бедел жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Барскоон – Бедел автомобиль жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жаңы дирекция Барскоон – Бедел унаа жолун куруу долбоорун ишке ашырууну уюштуруучу жана координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Министрлер кабинетинин төрагасы А.Касымалиевдин тескемесине ылайык, мамлекеттик мекеменин башкы

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Улуу Жибек жолу поезди менен Европадан, АКШдан 60тан ашуун турист Бишкекке келди

Бишкек шаарына Германиянын туроператору Lernidee Erlebnisreisen GmbH уюштурган эл аралык туристтик поезд келди. Поезд Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу өткөн Улуу Жибек жолу багыты менен жүрөт. "Кыргыз темир жолунун" маалыматына ылайык, поезд 6-апрелде "Бишкек-2" темир жол бекетине келип токтоду. Анын курамында 12 ыңгайлуу вагон бар. Поездде Батыш

Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет

Камсыздандыруу рыногунда бирдиктүү мамлекеттик реестр киргизилет

2026-жылдын 3-апрелинде КРнын Министрлер Кабинети тарабынан №219 токтом кабыл алынып, актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан кабарлашты. Жаңы ченемдик укуктук акт камсыздандыруу рыногун жөнгө салууну жакшыртууга, анын ачыктыгын жогорулатууга жана тармактагы кесипкөй катышуучулардын ишине мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча мониторинг жүргүздү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүү 2026-жылдын 3-апрелинде өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик, салык кызматы, ички иштер органдары жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Мониторинг Талас шаарынын борбордук базарынын аймагында, ошондой эле "Алтын Казык" жана "