Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Таласта эт баасын жогорулаткан соода түйүндөрүнө айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү эттин баасын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча мониторинг жүргүздү.

Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүү 2026-жылдын 3-апрелинде өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик, салык кызматы, ички иштер органдары жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Мониторинг Талас шаарынын борбордук базарынын аймагында, ошондой эле "Алтын Казык" жана "Глобус" соода түйүндөрүндө жүргүзүлдү.

Маалыматка ылайык, облус боюнча уй этине 670 сом, кой этине 680 сом өлчөмүндө максималдуу чекене баа белгиленген. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө айрым соода түйүндөрүндө уй эти белгиленген баадан жогору сатылып жатканы аныкталды.

Анын негизинде "Алтын Казык", "Глобус" соода борборлору жана Оторбаев көчөсүндөгү эт сатуучу жайга карата мыйзам бузуу фактылары катталып, 3 протокол түзүлдү. Объект ээлерине административдик айып пулдар салынды.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу