Балык уулоо билеттерин онлайн сатуу бюджетке 13,5 млн сом алып келди

Балык уулоо билеттерин онлайн сатуу бюджетке 13,5 млн сом алып келди

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча балык уулоо билеттерин жана карточкаларын сатуу аркылуу бюджетке 13 млн 573 миң сом түшкөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу (3,1 млн сом) бир нече эсеге жогору. Өсүшкө онлайн билет сатуу системасынын киргизилиши негизги себеп болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан 2025-жылга карата республиканын суу объектилеринде спорттук-ышкыбоздук балык уулоонун лимиттери бекитилип, алар Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган.

Балык уулоону тартипке салуу максатында коомдук бирикмелер жана жеке ишканалар менен келишимдер түзүлгөн. Учурда жарандар балык уулоо билетин agro.gov.kg сайты аркылуу онлайн сатып алып, төлөмдү мобилдик банк тиркемелери же электрондук капчыктар аркылуу жүргүзө алышат. Электрондук билет катталган электрондук почтага жөнөтүлөт жана республика боюнча жарактуу.

Онлайн система кызмат көрсөтүүнү жеңилдетип, кагаз документтерди азайтып, балык уулоону өлкөнүн бардык аймактарында жеткиликтүү кылды. Мындан ары электрондук сервистерди өнүктүрүү жана балык уулоонун лимиттерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Бишкек шаарындагы Тазалык муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөр боюнча карыздарды аныктоо максатында рейддерди күчөтөт. Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр жарандарды гана эмес, жеке чарбаларды жана кызмат акысын системалуу түрдө төлөбөгөн ишкерлерди да камтыйт. Айрыкча узак убакыттан бери карызы бар абоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. 2026-жылдын 1-мартына карата жалпы карыздын суммасы

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда. “Ушуга байланыштуу

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

Министрлер Кабинети 2026-жылдын 26-мартындагы №198-т тескемеси менен "Кыргызалтын" ААКына Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш кенинин №1 рудалык алтын жана жез казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берди. Документке ылайык, бөлүнгөн участоктун аянты 400 гектарды түзөт. Кенди иштетүүнү баштоого чейин "Кыргызалтынга" Кыргызстандын "Тарыхый-маданий мурастарды

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Тородо арашан кочкорлорунун көргөзмөсү өттү

Тогуз-Торо районунда Арашан породасындагы асыл тукум кочкорлордун көргөзмөсү өткөрүлгөнүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага райондун алдыңкы малчы, фермер жана тармактын адистери катышкан. Көргөзмөдө кочкорлордун салмагы, асыл тукумдуулук өзгөчөлүктөрү жана сырткы көрүнүшү кылдат бааланды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, асыл тукум мал