Эдиль Байсалов: Бүгүнкү күндө жакырчылык шаарларда басымдуу

Эдиль Байсалов: Бүгүнкү күндө жакырчылык шаарларда басымдуу

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов парламенттик жыйында Кыргызстандагы жакырчылыктын жаңы жүзү тууралуу айтып берди.

"Бул — шаардык жакырчылык. Бул турак жайга, медицинага жана билим берүүгө жеткиликтүүлүккө байланыштуу. Элеттеги жакыр үй-бүлөлөр күнүмдүк тамак-аш таба албай шаарга көчүп келишет жана ошол жакта жашап калышат. Албетте, эң көп жабыркагандар — балдар. Бул соңку беш жылда байкалган биз үчүн жаңы көрүнүш. Бүгүнкү күндө жакырчылык шаарларда көбүрөөк. Жакырчылык, өтө жакырчылык — бул сөздөн коркпойбуз, жана мындан тышкары нааразычылык, муктаждык көп", — деди ал.

Ошондой эле ал өлкө жетекчилиги жөлөкпулдарды төлөөдө абалды жакшыртуу үчүн аракет көрүп жатканын белгиледи, өзгөчө балдарга байланыштуу.

Эдиль Байсалов мамлекет дароо эле бардык балдарга, үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, жөлөкпул төлөй албай турганын кошумчалап, бирок жакынкы айларда МинКаб жөлөкпулдар боюнча абалды өзгөртүү үчүн бир катар кадамдар жасаларын убада кылды.

Мурун депутаттар коомдук талкууга социалдык колдоону кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоорун чыгарган. Депутаттар тарабынан балдары 12 жашка чейинки үй-бүлөлөргө жөлөкпул төлөп берүү, ал эми муктаж үй-бүлөлөр үчүн бул чекти 16 жашка чейинки балдарга чейин кеңейтилүүсү сунушталган.

Мындан тышкары окуңуз

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер