ЕАЭБ аймагында тарта товарларды көзөмөлдөө системасы ишке кирет

ЕАЭБ аймагында тарта товарларды көзөмөлдөө системасы ишке кирет

2026-жылдын 1-сентябрынан тарта ЕАЭБде товарларды көзөмөлдөө системасы ишке кирерин Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Товарлардын тизмеси ЕЭК Кеңеши тарабынан бекитилди. Маалыматка ылайык, туруктуу негизде төмөнкү товарлар көзөмөлгө алынат:

  • тиричилик муздаткычтары жана тоңдургучтары (ЕАЭБ Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасынын (ТЭИТН) 12 коду);
  • тиричилик же кир жуучу жайлар үчүн кир жуугуч машиналар, анын ичинде сыгып кургатуучу түзүлүшү барлары (ЕАЭБ ТЭИТНинин 6 коду);
  • телевизиондук байланыш үчүн кабыл алуучу аппаратура, анын ичинде кеңири уктуруучу радиокабылдагычы бар же жок, ошондой эле үн же сүрөт жазуучу же кайра ойнотуучу жабдууларды камтыган түрлөрү (ЕАЭБ ТЭИТНинин 16 коду).

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов белгилегендей:

"Биз бизнес үчүн бирдиктүү жана ачык шарттарды түзүп жатабыз, анда ак ниет ишкерлер адилет атаандаштыкка ээ болушат. Ал эми керектөөчүлөр үчүн бул, биринчи кезекте, сатып алынган продукциянын сапаты жана коопсуздугу боюнча кепилдик болуп саналат. Система “көмүскө” продукцияга каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана бүткүл Союздун экономикалык коопсуздугун бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Биз негизги тиричилик техникасы категорияларынан баштап жатабыз жана келечекте бул тизмени кеңейтип, жалпы рыногубузду дагы цивилизациялуу жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгондой кылабыз", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер