МЖӨ борборунун долбоордук портфели 434 млрд сомду түздү

МЖӨ борборунун долбоордук портфели 434 млрд сомду түздү

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун долбоордук портфели 90дон ашык долбоорду камтып, жеке инвестициялардын жалпы көлөмү 434 млрд сомдон ашканын борбор маалымдады.

Маалыматта бүгүнкү күндө 65 долбоор активдүү ишке ашыруу баскычында турганы айтылат. Өткөн жылы транспорт, логистика, айыл чарба, экология жана калдыктарды башкаруу, туризм, билим берүү жана коммуникациялар тармактарында 14 жаңы макулдашууга кол коюлуп, өлкө экономикасына 3,9 млрд доллардан ашык жеке инвестиция тартылды.

2025-жылда “Төө-Ашуу” ашуусу аркылуу өтүүчү “Келечек” альтернативдүү акы төлөнүүчү тоннелин (Бишкек–Ош автоунаа жолу) куруу жана пайдалануу”, “Трансевразиялык маршрут” долбоорун ишке ашыруу”, “Бишкек шаарынын чыгыш айланма унаа жолун куруу жана пайдалануу”, “Кара-Суу шаарында соода-логистикалык борборду куруу жана башкаруу” долбоорлоруна кол коюлган.

Ошондой эле аймактык инфраструктураны жана саламаттык сактоо тармагын модернизациялоого багытталган долбоорлор ишке ашты. Алардын ичинде Ош шаарындагы “Булак” спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекси, Кыргызстандын эл аралык университетинин базасында түзүлгөн U Nexus Hub инновациялык борбору, Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын базасында магниттик-резонанстык томография (МРТ) борбору бар.

Мындан тышкары окуңуз

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер