Жогорку Кеңеште 12 жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүү сунушталды

Жогорку Кеңеште 12 жашка чейинки балдардын баарына жөлөк пул берүү сунушталды

Учурда бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку жөлөкпул 4 миң сомду, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайынкы жөлөкпул 1,2 миң сомду түзөрүн Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Анын айтымында, депутаттык топтор эки маселени карап жатышат — мамлекеттик жөлөкпулдар тууралуу мыйзамдардын аткарылышы жана миграциялык саясаттагы өзгөрүүлөрдүн чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын социалдык абалына тийгизген таасири.

Түмөнбаев белгилегендей, тиешелүү мыйзамдар бар болгонуна карабастан, балалуу үй-бүлөлөргө көрсөтүлүп жаткан реалдуу колдоо чектелүү бойдон калууда жана калктын чыныгы муктаждыктарына толук жооп бербейт.

Ал депутаттар бардык балдар үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган демилгени илгерилетүүнү көздөп жатканын билдирди. Сунуш боюнча, 12 жашка чейинки бардык балдарга мамлекеттик жөлөкпул төлөнүшү керек. Ошол эле учурда 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каралган учурдагы колдоо чараларын сактап калуу сунушталууда.

"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, жөлөкпул алып жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 16 жашка чейинки балдардын саны 163 миң 592ни түзөт. Ал эми мамлекеттик статистиканын маалыматтары боюнча, өлкөдө 12 жашка чейинки балдардын саны 1,8 миллиондон ашат", — деп маалымдады ал.

Түмөнбаев демографиялык саясатты эске алуу менен жөлөкпул дайындоонун механизмин кайра карап чыгып, үй-бүлөнүн социалдык абалына карабастан бардык балдарга колдоо көрсөтүү зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле депутат "Баатыр эне" наамына ээ болгон энелерге кошумча 5 миң сом өлчөмүндө социалдык колдоо көрсөтүү боюнча демилге бар экенин кошумчалады. Анын айтымында, бул алардын өлкөнүн демографиялык өнүгүшүнө жана балдарды тарбиялоого кошкон зор салымын эске алуу менен зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте 334 миң доллар алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчылыкка шектүү аялды кармашканын райондук ИИБден билдиришти. Милициянын маалыматына ылайык, Октябрь райондук ИИБге Ж.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал А.И.га карата чара көрүүнү суранган. Тергөө версиясы боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2026-жылдын 2-январына чейин ал Чүй облусунун Байтик айылынан жер