ЕЭК Кеңеши Кыргызстанга кант чийки затын импорттоого тарифтик жеңилдик берди

ЕЭК Кеңеши Кыргызстанга кант чийки затын импорттоого тарифтик жеңилдик берди

Кант өндүрүү үчүн чийки зат импорттоого тарифтик жеңилдик Кыргызстанга берилгенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим Москва шаарында өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин жыйынында кабыл алынган. ЕЭК Кеңеши Кыргызстанга кант өндүрүү үчүн керектелүүчү чийки затты импорттоого тарифтик жеңилдик берди.

2026-жылдын 31-декабрына чейин 20 миң тонна көлөмүндөгү камыш кантынын чийки заты импорттук бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Бул чара кайра иштетүүчүлөрдү колдоого жана ички рынокто канттын баасын турукташтырууга багытталган.

Ошондой эле ЕЭК Кеңеши Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошумча протоколдун долбоорун жактырды. Анда Биримдиктин бюджети эсебинен агроөнөр жай комплексиндеги мамлекеттер аралык кооперациялык программаларды каржылык колдоо механизми ишке киргизилери каралган.

Ведомстводо белгилешкендей, буга чейин мындай механизм өнөр жай кооперациясы үчүн колдонулуп келген, эми аны айыл чарба тармагындагы долбоорлорго да жайылтуу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media
Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media