Калкты газдаштыруу үчүн Кыргызстанда 3% жеңилдетилген кредит берилип жатат

Калкты газдаштыруу үчүн Кыргызстанда 3% жеңилдетилген кредит берилип жатат

Бүгүн, 2-февралда КРнын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитети "ыш менен байланышкан экологиялык абалды" кароого алды.

Анын жүрүшүндө, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Медер Машиев баяндама жасап, 25 министрлик/ведомстволордон турган кеңейтилген комиссия атайын иш жүргүзүп, анын натыйжасында 2 жылдан бери ыштын басымы азая баштагандыгын билдирди.

Министрдин айтымында, Чүй өрөөнү жана Бишкек шаарындагы ыштын келип чыгышынын негизги булактары болуп:

1)    кышкысын жеке сектордогу көмүр жагуу 40% ээлейт.

2)    эски унаалардан чыккан ыш 30% ээлейт.

3)    ЖЭБтен чыккан ыш 15% ээлейт ж.б саналат.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Кыргыз гидромет” станциясы жүргүзгөн байкоо жана талдоонун негизинде акыркы 2 жылда Бишкек шаарында жана Чүй обласында абанын сапаты жакшырып жаткандыгы байкалган. Жеке сектордогу көмүр жагууга карата күрөшүүдөгү негизги фактор болуп, калкты газдаштыруу саналат. Газдаштыруу үчүн 2023-жылы 8% жеңилдетилген насыя каралган. Ал эми 2025-жылдан бери ал пайыздар жеңилдетилип 3% түшүрүлдү. Жыл сайын бул максатта 150 млн сом каражат бөлүнүп турат”-деди министр.

Медер Машиевдин айтымында, газдаштыруу үчүн женилдетилген кредиттер мамлекеттик банктар - Айыл банк жана Элдик банк аркылуу жүргүзүлуп жатат.

Газдаштырууну активдүү ишке ашыруу аракетинин жыйынтыгында, жалпысынан 33 млрд сом акча каражаты жумшалып, 2014-жылга салыштырмалуу 2025-жылы газдаштыруунун деңгээли 22%дан 44 % өсүп жалпы абоненттердин саны 444 миңге жетти. Учурда Бишкек шаарында 54 калктуу конуш газдаштырылып, 51 миң абонент газга кошулду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media
Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media