Улуттук банк 2025-жылдагы кирешесинин 100% мамлекеттик бюджетке которот

Улуттук банк 2025-жылдагы кирешесинин 100% мамлекеттик бюджетке которот

Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин бүгүнкү, жыйынында  “КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору үч окууда каралып, жактырылды.

Аталган мыйзамдын долбоорун КРнын Финансы министринин орун басары Руслан Суйналиев баяндап, долбоорго ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешесин республикалык бюджеттин кирешесине 100% өлчөмүндө которуу каралгандыгын билдирди. Айтымында, мыйзамдын максаты республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, социалдык маанилүү чыгымдарын каржылоо жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын турукташтыруу болуп саналат.

Талкуу учурунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Аттокуров 2020-2021 жана 22-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банк кирешесинин 90%, ал эми 2023-жылдан бери 100% кирешесин мамлекеттик бюджетке которуп келе жаткандыгын белгиледи.

Ал эми депутат Улан Примов Улуттук банктын республикалык бюджетке которгон пайдасынын жалпы көлөмүн тактап чыгып, каражаттардын бир бөлүгүн өнүктүрүү бюджетин түзүүгө багыттоо зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media
Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media