Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат

Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат

Токтогул районунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгелеген интенсивдүү бак өстүрүү долбоору ишке ашырылууда.

Ведомствонун маалыматына караганда, долбоордун алкагында 30 гектар кайрак жерге райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан тамчылатып сугаруу системалары орнотулуп, көлөмү 15 миң куб метрди түзгөн суу бассейни курулуп жатат.

Мындан тышкары, берилген аянттын айланасы толугу менен тосулуп, коргоо иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган жер тилкеси райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Бул дыйкандарга узак мөөнөттүү пландоону жүргүзүүгө жана бак өстүрүүнү туруктуу негизде өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Март айынан тартып аянтта көчөт отургузуу иштери башталат. Интенсивдүү бак өстүрүү ыкмасы жана тамчылатып сугаруу технологиясы сууну үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүп, айрыкча суу тартыштыгы байкалган учурда дыйкандар үчүн натыйжалуу жана ыңгайлуу чечим болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media