Д.Амангелдиев: Кыргызстан 800 млн суверендүү еврооблигацияларды чыгарды

Д.Амангелдиев: Кыргызстан  800 млн суверендүү еврооблигацияларды чыгарды

Калкы 80 миллиондон ашкан жана негизги соода жолдорунда ыңгайлуу географиялык жайгашууга ээ болгон Борбор Азия инвесторлор үчүн абдан жагымдуу аймак болуп саналарын B5+1 бизнес-форумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангельдиев билдирди.

Анын айтымында, АКШдан келген инвестициялар капитал катары эле эмес, технологиялардын жана башкаруу стандарттарынын булагы катары да өзгөчө мааниге ээ.

Өсүү потенциалы бар багыттардын катарында ал IT тармагын, креативдүү экономиканы, логистиканы жана каржылык кызматтарды атады.

Данияр Амангельдиев Кыргызстанда бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да маалымдады. Атап айтканда, бизнес үчүн электрондук кызматтарды киргизүү, каттоо жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча механизмдерди күчөтүү жана сот системасын модернизациялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Анын сөзүнө караганда, 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын экономикасы 11,1%га өскөн. Мындан тышкары, өлкө 800 млн долларга суверендүү еврооблигацияларды жайгаштырып, инвестициялар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алган.

Ошондой эле ал Борбор Азия аймагында Burberry, Mastercard, FedEx, John Deere жана Chevrolet сыяктуу эл аралык ири компаниялар туруктуу негизде иш алып барып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media