Кара-Кол каналынын суусун топтоого суткалык бассейн курулат

Кара-Кол каналынын суусун топтоого суткалык бассейн курулат

Баткенде Кара-Кол каналынын суусун топтоо үчүн суткалык жөнгө салуучу бассейн курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, район акими Данир Иманалиев, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана суу чарба тармагынын жетекчилери, сугат суу боюнча атайын адистер Кара-Кол каналын куруу, калыбына келтирүү иштеринин аткарылышын жеринде көрүштү.

Узундугу 14 чакырым болгон каналдын жана башкы суу алуучу түйүндүн курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн сом бөлүнгөн, ал эми Агахан Эл аралык уюумунан 24 млн сом грант каралган. Кара-Кол каналынын башкы суу алуу түйүнүнө кошумча 16 млн 900 миң сом жумшалган.

Бул ири долбоордун аякташы менен 1200 гектар жер сугат суу менен камсыз болуп, жакын жайгашкан айылдарга сугат суу берүү жакшырат.

Көлөмү 1 кубка чейин жеткен сууну тамчылатып сугаруу системасы менен пайдаланып, эки эсе көп жерди өздөштүрүү максатталып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media