Кыргызстан Кытай үчүн инвестициялык жагымдуу өлкөгө айланды

Кыргызстан Кытай үчүн инвестициялык жагымдуу өлкөгө айланды

ЕАӨБдүн баяндамасына ылайык, Кытай үчүн Борбор Азияда Кыргызстан инвестициялык жактан барган сайын жагымдуу өлкөгө айланып жатат.

ЕАӨБдүн маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи жарымында Кытай Евразия аймагында жалпы көлөмү дээрлик 900 млн долларды түзгөн 25 жаңы инвестициялык долбоорду ишке киргизген. Инвестициялык долбоорлордун жалпы саны 2023-жылдагы 171 долбоордон 2025-жылдын ортосуна карата 213кө жеткен.

2025-жылы ишке ашырылган бардык жаңы долбоорлор Борбор Азия өлкөлөрүндө (23 долбоор) жана Азербайжанда (эки долбоор) жайгашкан.

Инвестициялардын негизги бөлүгү Россия менен Казакстанга туура келет — алардын жалпы үлүшү болжол менен 92%ды түзөт. Ошол эле учурда эң жогорку өсүү темптерин Кыргызстан көрсөтүүдө.

"Бул Кытайдын инвестициялык көңүлү Борбор Азия аймагына, анын ичинде Кыргызстанга барган сайын көбөйүп жатканын тастыктайт. Ошондой эле Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн, айрыкча Кыргызстандын ролу өсүп жатат.

Өлкөдө топтолгон кытайлык түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) көлөмү 0,8 млрд доллардан 2,1 миллиард долларга чейин көбөйдү. Бул негизинен инфраструктуралык жана логистикалык долбоорлордун ишке киргизилиши менен шартталды", — деп белгилешет баяндаманын авторлору.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media