Вьетнамдан Евразия аймагына түз инвестициялар 825 млн долларга жетти

Вьетнамдан Евразия аймагына түз инвестициялар 825 млн долларга жетти

2026-жылдагы ЕАБРдин маалыматтарына ылайык, Вьетнамдан Евразия өлкөлөрүнө түз инвестициялардын жыйынды көлөмү акыркы 9 жылда 2016-жылы 613 млн доллардан 2025-жылдын ортосуна карата 825 млн долларга жетти, бул 34% өсүштү түзөт. Ошондой эле инвестициялардын географиясы диверсификацияланып жатат.

Россия инвестициялардын негизги багыты бойдон калууда — 570 млн доллар (портфелдин болжол менен 69%), бирок анын үлүшү мунай-газ активдеринин амортизациясынан улам азайып жатат.

  • Борбордук Азиянын ролу күчөп жатат: Казакстанда инвестициялар 128 млн долларга жетти, ал эми Кыргызстан жана Өзбекстанда турак-жай жана кайра жаралуучу энергия секторунда долбоорлор активдешүүдө.

Инвестициялардын тармактык түзүлүшү да өзгөрдү: чийки зат секторунун үлүшү 87% дан 25% га түшүп, ал эми айыл чарба жана тамак-аш өнөр-жайы негизги багыт болуп калды — портфелдин 63% түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт

Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунан “Кабар” агенттигине билдиришти. Маалыматка ылайык, акция аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн 1389 сом өлчөмүндөгү төлөм алынат. Ошол эле учурда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 31-декабрга чейин 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү сакталат.

Кытайда эми чет өлкөлүктөр онлайн катталса болот

Кытайда эми чет өлкөлүктөр онлайн катталса болот

ТИМ Кытайдын Миграция иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгы мейманканалардан тышкары жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизгенин билдирет. Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, бул система чет өлкөлүк жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында, 20-марттан тартып, Кытайдын Хэбэй, Ляонин, Чжэцзян, Хубэй, Сычуань провинцияларында, ошондой эле Гуанси-Чжуан автономиялуу

Кыргызстандын сүт рыногунда кырдаал талаптагыдай эмес

Кыргызстандын сүт рыногунда кырдаал талаптагыдай эмес

Кыргызстанда сүт рыногундагы кырдаал чыңалуу бойдон калууда. Сатып алуучулар сүт продукциясынын баасы өтө кымбат деп нааразы болсо, фермерлер сатып алуу баасын көтөрүүнү талап кылууда. Азыр мобилдик сүт сатуу чекиттеринде сүт 1 литр үчүн 80 сомдон сатылууда. Ал эми тетрапактагы сүт 110 сомго чейин кымбаттаган, кээ бир фирмалар 1 литр сүттү

“Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого 1,3 млрд сом бөлүндү

“Манас Ордо” комплексин реконструкциялоого 1,3 млрд сом бөлүндү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексине барып, реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 1 млрд 300 млн сомду түзгөн реконструкциядан кийин комплекс күнүнө 10 миңге чейин адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө