Кытайда эми чет өлкөлүктөр онлайн катталса болот

Кытайда эми чет өлкөлүктөр онлайн катталса болот

ТИМ Кытайдын Миграция иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгы мейманканалардан тышкары жайгашкан чет өлкөлүк жарандарды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизгенин билдирет.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, бул система чет өлкөлүк жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында, 20-марттан тартып, Кытайдын Хэбэй, Ляонин, Чжэцзян, Хубэй, Сычуань провинцияларында, ошондой эле Гуанси-Чжуан автономиялуу районунда жана Чунцин шаарында ишке ашырылып жатат. Келечекте бул практиканы өлкөнүн бардык аймагына жайылтуу пландалууда.

Кытайдын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, мейманканаларда жашаган чет өлкөлүк жарандар мейманкананын администрациясы тарабынан катталууга тийиш, андан кийин маалыматтар коомдук коопсуздук органдарына берилет. Эгерде мейманканадан тышкары жерде жашаса, чет өлкөлүк жаран же кабыл алуучу тарап 24 сааттын ичинде иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталууга милдеттүү.

Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, жарандар каттоону онлайн форматта Кытайдын миграция кызматынын "移民局 12367" мобилдик колдонмосу аркылуу, ошондой эле "WeChat" жана "Alipay" системаларындагы мини-программалар аркылуу жүргүзүүгө болот. Мында коомдук коопсуздук органдарына жеке кайрылуу аркылуу маалыматтарды салттуу тартипте берүү мүмкүнчүлүгү сакталат. Онлайн-каттоо жеке кайрылуу аркылуу жүргүзүлгөн каттоо менен тең укуктук күчкө ээ.

Тышкы саясий ведомство Кытайдын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына жашаган жерин каттоо боюнча белгиленген талаптарды кылдаттык менен сактоону сунуштайт. Суроолор же кыйынчылыктар пайда болгон учурда, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин ыкчам байланыш телефонуна кайрылуу зарыл:

  • 13001904346;
  • +996 508 888 213 (WhatsApp).

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн