АӨБ Кыргызстан менен табигый кырсыктар учурунда колдонулуучу облигацияларды чыгарууну талкуулады

АӨБ Кыргызстан менен табигый кырсыктар учурунда колдонулуучу облигацияларды чыгарууну  талкуулады

 Бишкек шаарында Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматы менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу өлкөнү табигый кырсыктардан жана климаттык тобокелдиктерден каржылык жактан коргоонун жаңы инструменттерине арналганын ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууга кыргыз тараптан Мамлекеттик финансы көзөмөл кызматынын төрагасы Марат Пирназаров баштаган өкүлдөр, ал эми банк тараптан табигый кырсыктарга байланыштуу каржы жана тобокелдиктерди камсыздандыруу боюнча башкы адис Томас Кесслер катышты. Тараптар кырсыктар учурунда жардам көрсөтүү боюнча көп деңгээлдүү программа алкагында өзгөчө кырдаалдарды каржылоо багыты боюнча грант берүү маселесинталкуулашты.

Негизги тема катары табигый кырсыктар болгон учурда колдонулуучу облигацияларды — Development Related Bonds чыгаруу демилгеси каралды. Бул инструмент мамлекеттин каржылык туруктуулугун жогорулатуу жана ири жаратылыш кырсыктары болгондо каражат булактарын алдын ала камсыз кылуу ыкмасы катары бааланууда. Долбоор мындай облигациялар боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн каржылоонужана аларды эл аралык капитал рынокторунда чыгарууга байланышкан чыгымдарды жабууну камтыйт.

Ошондой эле талкуу турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу тутумунда камсыздандыруу пулун ишке киргизүү маселесине да арналды. Бул механизм жарандарга төлөмдөрдү кепилдөөгө, камсыздандыруу компанияларынын тобокелдиктерин азайтууга жана калктын камсыздандыруу системасына болгон ишенимин жогорулатууга мүмкүндүк бериши мүмкүн экени белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө АӨБдүн консультанттары табигый кырсыктар учурунда тобокелдиктерди жана келтирилген зыянды баалоо үчүн атайын интерфейсти тааныштырышты. Бул инструмент өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууга байланышкан башкаруучулук жана каржылык чечимдерди кабыл алууда пайдаланылышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media