Былтыр Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлгөн

Былтыр Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлгөн

2025-жылы Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлгөн. Бул тууралуу "B5+1" форумунун бизнес-эртең мененки жыйынында Эл аралык ишкердик кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Ошондой эле ЭИК тарабынан мурда жер казынасын пайдаланууга 2005 лицензия берилгени маалымдалды. Анын ичинен 103 лицензия мамлекеттик ишканаларга таандык.

Буга чейин маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалуу кендердин 51 түрү боюнча 1 миңден ашык кен орундар жана көрүнүштөр бар. Алардын катарына алтын, күмүш, жез, сурьма, вольфрам, сейрек кездешүүчү жер элементтери кирет.

Өткөн жылдын алгачкы тогуз айында пайдалуу кендерди казып алуу тармагына тартылган түз чет өлкөлүк инвестициялардын (ТЧИ) көлөмү 190,3 млн долларды түзүп, бул өлкө экономикасына тартылган жалпы ТЧИнин 21,5%ына туура келген.

Кен казуу секторундагы инвестициялык динамика олуттуу өсүштү көрсөттү — көрсөткүчтөр 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эки эсе жогорулап, 203,5%ды түзгөнүн ЭИК белгиледи.

Мындан тышкары, эң келечектүү кен орундар катары Кутессай II, Калесай, Кызыл-Омпол, Түндүк Акташ, ошондой эле Зардалек жана Катранбашы алюминий кен орундар аталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media