Финансы министрлигинде Европа Биримдиги менен кызматташуу маселелери талкууланды

Финансы министрлигинде Европа Биримдиги менен кызматташуу маселелери талкууланды

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Европа Комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы директоратындагы С1 "Борбор Азия жана Афганистан" бөлүмүнүн жетекчиси Шарлотт Адриан айым менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Нурбек Акжолов Европа Биримдигинин делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапары эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ал билим берүү, суу чарба жана санариптештирүү тармактарындагы реформаларды колдогондугу үчүн Европа Биримдигине ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тарап колдонулуп жаткан программалар боюнча өз милдеттенмелерин ырааттуу аткарып жатканын жана санариптештирүү багытындагы жаңы финансылык макулдашуу боюнча жол-жоболор аяктап жатканын маалымдады.

Өз кезегинде Шарлотт Адриан айым Европа Биримдиги Кыргызстандагы реформалардын жүрүшүн жогору баалай турганын белгилеп, санариптештирүү боюнча жаңы финансылык макулдашууга кол коюуга даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле мамлекеттик системаларды модернизациялоого колдоо улантыларын кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин тастыкташты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media