Жүктөрдү навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөө 11-февралдан башталат

Жүктөрдү навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөө 11-февралдан башталат

Бугүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун төрагалыгында Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө системасынын улуттук оператору — "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКнын, ошондой эле бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда 11-февралдан тартып жүктөрдүн ташылышын навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөө практикалык түрдө ишке киргизилери талкууланды. Бул чара Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) белгиленген товарларга, анын ичинде алкоголдук жана тамеки продукциясына, ошондой эле атайын чектөө чаралары колдонулган товарларга тиешелүү.

Кыргызстанда навигациялык пломбаларды орнотуу пункттары катары кыргыз-казак чек арасындагы төрт өткөрүү пункту жана темир жол аркылуу ташуулар үчүн тогуз бекет аныкталды. Бажы транзити учурунда убактылуу сактоо кампалары бажы операциялары жүргүзүлүүчү жер катары белгиленди.

Жүктөрдүн алуучуларынын аймактары жана убактылуу сактоо кампалары пломбаларды чечүү пункттары катары белгиленди. Навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча бизнес коомчулугуна маалымат берүүнү "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКы улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media