Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу майлар жетиштүү болорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылы 40 миң тонна дизель майы жана 9,7 миң тонна бензин талап кылынат.

"Нефтетрейдерлердин маалыматы боюнча, май куюучу жайларда жана мунай базаларында дизель майы жетиштүү көлөмдө бар. Дыйкандарды колдоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу 7 миллион литр дизель майы 74 сомдон сатылууда", — деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле ал жазгы талаа иштерин нормалдуу өткөрүү үчүн 182 миң тонна минералдык жер семирткичтер керек болорун кошумчалады.

"Бүгүнкү күнгө карата 22 миң тонна жер семирткич алып келинди, бул жалпы муктаждыктын 30%ын түзөт. Жер семирткичтерди сегиз компания ташып келүүдө, аларды 23төн 39 сомго чейин сатышууда. Быйыл жалпы айдоо аянты 1 млрд 250 млн гектарды түзөт, бул 2025-жылга салыштырмалуу 3,3 миң гектарга көп", — деп жыйынтыктады Бакыт Төрөбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media