Экономика министрлигинин коллегиясында 2026-жылга пландар талкууланды

Экономика министрлигинин коллегиясында 2026-жылга пландар талкууланды

Бугүн Экономика жана коммерция министрлигинде Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда министрликтин коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Жыйында министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу жана министрликтин 2026-жылга карата иш планы боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылы ИДПнын көлөмү 1 976,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 111,1%га жеткен.

Баяндаманын алкагында индустриялаштыруу, экспортту өнүктүрүү, регионалдык хабды калыптандыруу жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча негизги багыттар белгиленди. Атап айтканда, өнөр жай фондун түзүү, экспортко багытталган ишканаларды колдоо, инвестиция тартуу жана туристтик инфраструктураны жакшыртуу чаралары каралды.

Жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев өлкөнүн өнөр жай потенциалын натыйжалуу пайдалануу, өнөр жай объектилерине ревизия жүргүзүү жана мамлекеттик колдоого муктаж ишканаларды аныктоо зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген дата-борборлорду түзүү маселесин кароону сунуштады.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бардык сунуштар мындан аркы иштерде эске алынып, ишке ашырыларын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media