Өзбекстандын алтын-валюта резерви 75 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 75 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резервдери тарыхый эң жогорку деңгээлге чыгып, 2026-жылдын 1-февралына карата 75 млрд доллардан ашканын өлкөнүн Борбордук банкы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айынын аягында резервдердин көлөмү 66,3 млрд долларды түзгөн. Натыйжада бир айдын ичинде өсүш 8 млрд доллардан ашып, бул көрсөткүч резервдер боюнча статистика жүргүзүлө баштагандан берки эң ири айлык өсүш катары катталды.

Физикалык алтындын көлөмү 2026-жылдын февраль айынын башына карата 12,8 млн трой унциясына жеткен. Ал эми 2025-жылдын декабрында бул көрсөткүч 12,6 млн унцияны түзгөн. Алтындын жалпы наркы 64,9 млрд долларга бааланып, дээрлик 18%га өскөн.

Ошол эле учурда алтын-валюта резервдеринин валюталык бөлүгү 9,5 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын декабрь айындагы 10,64 млрд долларга салыштырмалуу төмөндөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгындагы курулуш иштери тынымсыз уланууда. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда аталган жолдун 0–141,6-чакырым бөлүгүндө 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон төшөө иштери

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун курулушунда иштер жүрүп жатат. Жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн жол Ала-Резорт тоо лыжа базасына алып барат. Учурда жолду асфальттоого даярдоо максатында жер жумуштары жүргүзүлүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык