Кыргызстанда айыл чарбасына берилген насыяларды кайтаруу 90%га өстү

Кыргызстанда айыл чарбасына берилген насыяларды кайтаруу 90%га өстү

Айыл чарба дүйнө жүзүндө субсидияланган тармак болуп саналат жана социалдык тармак катары караларын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди.

"Кайсы гана өлкөнү карабайлы, ар бири өзүнүн айыл чарбасын колдойт: жеңилдетилген насыяларды берет, салыктардан бошотот, ар кандай жеңилдиктерди жана преференцияларды сунуштайт. Атүгүл Европада, өнүккөн өлкөлөрдө да бүгүнкү күндө айыл чарба тармагында көйгөйлөр жаралууда, бул тармактын өзгөчөлүгү ушундай. Ал көбүнчө жаратылыш шарттарына көз каранды", — деди ал.

Дүйшеев фермерлер үчүн банктык насыялар боюнча жагдайга да токтолду.

"Банктык насыяларга келсек, мен бул тармакта 2 жылдан бери иштеп жатам, азыркы учурда бизде банктык насыяларды кечүү практикасы жок. Акыркы төрт-беш жыл ичинде айыл чарба тармагында банктык талдоо жүргүзүп келебиз. Насыялардын кайтарымы кыйла өстү. Мурда 30–40% гана кайтарылып, 50–60% кайтарылбай калчу болсо, азыр андай көрүнүш жок. Бүгүнкү күндө берилген насыялардын 90%дан ашыгы кайтарылууда", — деп билдирди министрдин орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт