АКШ Арменияга 13 млрд доллардан ашык инвестиция салат

АКШ Арменияга 13 млрд доллардан ашык инвестиция салат

АКШ Армениянын экономикасына 13 млрд доллардан ашык инвестиция салуусу мүмкүн экенин Bloomberg агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мүмкүн болгон инвестициялардын көлөмү Армениянын бир жылдык ички дүң өнүмүнүн дээрлик жарымына барабар. Мындай каржылык агым өлкөнүн Россияга болгон экономикалык көз карандылыгын алсыратууга жардам бериши мүмкүн деп белгиленет.

Буга Джей Ди Вэнстин Ереван шаарына болгон сапары түрткү болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарандык өзөктүк энергетика тармагында 9 млрд долларга чейинки кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду. Мындан тышкары, жасалма интеллект багытындагы долбоорду дагы 4 млд долларга кеңейтүү маселеси талкууланууда.

ING банкынын КМШ өлкөлөрү боюнча башкы экономисти Дмитрий Долгин мындай масштабдагы демилгелер Армениянын түз жана портфелдик инвестициялар үчүн жагымдуулугун арттырып, өлкөгө акча которуулардын көлөмүн көбөйтүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media