Чаарат алтын кени боюнча "Silvercorp Metals" компаниясы менен 162 млн долларлык келишимге кол коюлду

Чаарат алтын кени боюнча "Silvercorp Metals" компаниясы менен 162 млн долларлык келишимге кол коюлду

Кыргызстанда "Silvercorp Metals" компаниясы менен "Чаарат ЗААВ" боюнча Чаарат алтын кенинин Түлкүбаш жана Кызылташ участкаларын иштетүү боюнча кызматташуу макулдашуусу өкмөт тарабынан бекитилди.

Буга чейин кабарлангандай, келишимдин жалпы суммасы 162 млн долларды түзөт. Макулдашууга ылайык, келишимден кийин "Кыргызалтын" менен биргеликте кошумча ишкана түзүлүп, анда "Silvercorp Metals" 70% акцияга ээ болуп оператор катары иштейт, ал эми "Кыргызалтын" 30% акцияга ээ болот, бирок каржылык милдеттенмеси жок.

Макулдашуу боюнча Улуттук инвестициялар агенттиги 70 млн доллар алат, аны эки транш менен төлөшөт: 60 млн доллар лицензиянын мөөнөтү 2062-жылга чейин узартылган соң, ал эми 10 млн доллар — белгиленген шарттар аткарылган учурда.

"Чаарат ЗААВ" өкмөттүн долбоорлор боюнча артыкчылыктуу укугун жокко чыгарган учурда 92 млн доллар ала турганы белгиленди. Бул компания Британиядагы Chaarat Gold Holdings Ltd компаниясынын туундусу болуп саналат.

Долбоорлорду иштетүү процесси эки этапта жүргүзүлөт.

Биринчи этапта (2026–2028-жылдар) Түлкүбаш участогу ачык карьерде күчтүү ажыратуу технологиясын колдонууу менен жылына 4 млн тонна руда кайра иштетилет деп күтүлүүдө. Жылдык күтүлгөн алтын өндүрүшү 110 миң унцияга жетет. Бул этапта инвестициялар 150 млн долларды түзөт.
Экинчи этапта (2028–2031-жылдар) Кызылташ сульфиддүү кенин ачык жана жер алдындагы шахталар аркылуу иштетүү, ошондой эле флотация, бактериялык оксиддөө жана CIL (көмүр-сиңирүү) технологиялары колдонулат. Жылдык пландалган өндүрүш — 190–230 миң унция алтын, инвестициялар болжол менен 400 млн долларды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media