Кыргызстанда Мамлекеттик алименттик фонд түзүү демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстанда Мамлекеттик алименттик фонд түзүү демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстанда Мамлекеттик алименттик фонд түзүү демилгесин "Консалтинг жана укук" коомдук фондунун директору Айжан Жуманалиева билдирди.

Анын айтымында, фонддун негизги максаты — баланы багууга каралган ай сайынкы төлөмдү өз убагында төлөп берүүнү мамлекетке алуу. Мамлекеттен төлөнгөн каражаттар мамлекеттик органдар аркылуу алимент төлөбөгөн адамдардан өндүрүлөт.

Башкы принцип — каражаттын кайтарымдуулугу. Эксперттердин пикиринде, мындай чара алимент төлөбөгөндөрдү тартипке салууга жардам берет.

Белгиленгендей, мындай тажрыйба Францияда жана Өзбекстанда бар. Мындан тышкары, бул сунуш акыркы жылдары Россияда да талкууланып келет. "Бул абдан жакшы механизм, бирок аны ишке ашыруу үчүн тиешелүү каржылоо талап кылынат", — деди Айжан Жуманалиева.

Мындан тышкары, ижарадагы батирде жашаган балдар үчүн "турак жай алиментин" киргизүү сунушталууда.

Адвокаттын айтымында, ажырашуудан кийин балдардын көбү энелеринин колунда калат жана көпчүлүгү батир ижарага алууга мажбур. Бишкек шаарында бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы кеминде 40 миң сомду түзөт.

Буга чейин маалымдалгандай, 2025-жылы Кыргызстанда алименттик милдеттенмелер боюнча 60,7 миң аткаруу өндүрүшү каттоодо турган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media