Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу   тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Ташкент шаарында Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу чарба министрлеринин жумушчу жолугушуусу болуп өткөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Өзбекстандын энергетика министри Ж. Мирзамахмудов, Өзбекстандын суу чарба министри Ш. Хамраев, Кыргызстандвын энергетика министри Т. Ибраев, Казакстандын энергетика министри Е. Аккенженов, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Д. Джума,
ошондой эле аталган өлкөлөрдүн энергетикалык компанияларынын жетекчилери жана жооптуу адистер каттышышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө достук жана боордош мамлекеттердин президенттери тарабынан акыркы жылдары демилгеленген көп тараптуу кызматташтык бардык багыттар боюнча, айрыкча отун-энергетика тармагында ырааттуу жана натыйжалуу өнүгүп жатканы белгиленди.

Жолугушууда учурдагы күз-кыш мезгилин коопсуз өткөрүү, вегетациялык мезгилде суу-энергетикалык системалардын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, өз ара кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү талкууланган. Жыйынтыгында тараптар тармактардын иштөө режимдеринин графиктерин макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

Кыргызстанда 232 чарба субъектине асыл тукум чарба макамы ыйгарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгынын сапатын жогорулатуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында ведомство атайын комиссия түзүп, чарба субъекттерине жеринде мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 232 чарбага асыл тукум макамы берилди. Анын ичинде:

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Бишкекте көп функционалдуу шаардык комплекс курулуп жаткан аймакта, анын ичинде жаңы Ош базары жана жаңы автовокзалдын аймагында 90 чакырым өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП-3) тартылат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "КУЭТ" ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Бишкек электр тармактары ишканасына барган учурда белгилүү болду. Министр Таалайбек

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты. Анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды. Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

Курулуш компаниялары бирдиктүү салык төлөөгө өтүшү керектигин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бирдиктүү салык системасы курулуш компанияларынын ишин жеңилдетет. Ал эми курулуш компанияларынын өкүлдөрү бирдиктүү салыкка өткөндөн кийин салыктын ставкасы 10%га чейин өсүп кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун айтышты. Шыкмаматов бирдиктүү