Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Манас шаарынын 2026-жылга бюджетинин планы 1,59 млрд сом деп бекитилди

Бүгүн Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, шаардык бюджеттин долбоору каралды. Сессияга мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов жана депутаттар катышты.

Шаардын финансы башкармалыгынын башчысы Талант Аким уулу 2026-жылга бюджет долбоорун тааныштырып, депутаттар тарабынан бир добуштан колдоо тапты. Жергиликтүү бюджеттин планы 1 млрд 587,7 млн сом деп бекитилип, 2025-жылга салыштырмалуу 378,2 млн сомго өскөн.

Бюджет шаардык социалдык программаларды каржылоону, инфраструктуралык долбоорлорду жана башка маанилүү максаттарды камсыз кылууга багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында архивдин жаңы имараты 5 млн 343 миң сомго каржыланды

Манас шаарында архивдин жаңы имараты 5 млн 343 миң сомго каржыланды

Архив кызматынын 100 жылдыгына карата Манас шаардык мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Жалал-Абад облус башчысынын биринчи орун басары Шабдан Абдырайым уулу, мэрдин орун басары Кубанычбек Шерматов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу жана архив кызматкерлери катышты. Жаңы имарат архивдик

Садыр Жапаров жаңыланган “Манас”  аба майданынын абалын текшерди

Садыр Жапаров жаңыланган “Манас” аба майданынын абалын текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров ири жаңылоодон кийин “Манас” эл аралык аба майданына пландан тышкары барып, анын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Президент аэропорттун аймагын, жүргүнчүлөрдү жана чет элдик делегацияларды тосуп алуу залдарын көрүп чыгып, жакынкы күндөрү өтө турган ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка эл аралык

Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды

Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусу салынды

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында курула турган адистештирилген Гепатология борборунун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Аземге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, министрлер, Бишкек шаарынын мэри жана башка жетекчилер катышты. Марлен Маматалиев жаңы борбор боор ооруларын эрте аныктоого, заманбап деңгээлде дарылоого

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

Иш-чаранын активдүү катышуучуларынын арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Россиядан келген ден соолугунан майыптыгы бар адамдар бар. 2026-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Кыргызстандын Ысык-Көлүндө "Рухтун жел кайыктары – 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз" эл аралык инклюзивдик долбоорунун биринчи этабы өтүүдө. Долбоор "Росатом" мамлекеттик