МинКаб 2026-жылы соя, күн караманын үрөнү, рапс, сафлор импортун КНСтен бошотууну көздөйт

МинКаб 2026-жылы соя, күн караманын үрөнү, рапс, сафлор импортун КНСтен бошотууну көздөйт

Министрлер Кабинети 2030-жылга чейинки иш-чаралар планынын алкагында 2026-жылдын IV кварталына чейин өсүмдүк майын өндүрүү үчүн керектелген чийки заттын айрым түрлөрүн импорттоодо КНСтен (кошумча нарк салыгынан) бошотуу маселесин кароону пландап жатат.

Сөз төмөнкү товарларды импорттоодо КНС төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгү тууралуу болуп жатат:

  • соя;
  • күн караманын үрөнү;
  • рапс;
  • сафлор.

Бул жеңилдик ички рынокто өсүмдүк майын өндүрүүнү көбөйтүү максатында сунушталууда.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө өсүмдүк майын өндүрүүнүн иш жүзүндөгү көлөмү 21,9%га өсүп, 10,7 миң тоннаны түзгөн. Бул 2018-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Бишкекте көп функционалдуу шаардык комплекс курулуп жаткан аймакта, анын ичинде жаңы Ош базары жана жаңы автовокзалдын аймагында 90 чакырым өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП-3) тартылат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "КУЭТ" ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Бишкек электр тармактары ишканасына барган учурда белгилүү болду. Министр Таалайбек

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты. Анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды. Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

Курулуш компаниялары бирдиктүү салык төлөөгө өтүшү керектигин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бирдиктүү салык системасы курулуш компанияларынын ишин жеңилдетет. Ал эми курулуш компанияларынын өкүлдөрү бирдиктүү салыкка өткөндөн кийин салыктын ставкасы 10%га чейин өсүп кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун айтышты. Шыкмаматов бирдиктүү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

КРнын Президентинин администрациясына келген жарандардын кайрылуулары 32% өстү

Эгерде 2025-жылдын жыйынтыгы менен КРнын Президентинин администрациясына келген кайрылуулар 8-9 % азайса, быйыл 1-кварталда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32% көбөйдү. Мындай маалыматты  Биринчи радионун түз эфиринде КРнын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча секторунун инспектору Жайылбек Дадиев билдирди. Анын айтымында, Президенттин администрациясына келген