Парламент альтернативдик кызмат өтөө баалары боюнча мыйзам долбоорун II окууда кабыл алды

Парламент альтернативдик кызмат өтөө баалары боюнча мыйзам долбоорун II окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш  экинчи окууда "Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Салыктык эмес кирешелер кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, “Жарандардын жалпы аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамына)" мыйзам долбоорун карап, кабыл алды.

Долбоордо аскердик эсепке алуу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү каралган. Айып пулду 10 эсептик көрсөткүчтөн 100 эсептик көрсөткүчкө чейин (1000 сомдон 10 000 сомго чейин) көбөйтүү пландалып жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин комитет жыйынында коргоо министринин биринчи орун басары Тариэль Отонбаев 22 жаштан 40 жашка чейинки мөөнөттүү аскердик кызмат өтөбөгөн жарандар, ошондой эле мобилизациялык резерв жыйымдарына катышуунун ордуна альтернативдик кызмат өтөөнү каалагандар үчүн акчалай төлөмдү 75 000 сомго чейин белгилөө сунушталып жатканын билдирген.

Мыйзам долбоорунда төмөнкү категориядагы жарандар үчүн да төлөмдөрдү көбөйтүү каралган:

  • 30 жашка чейинки, биринчи категориядагы запаска аскердик эсепте турган, жогорку билимдүү жана биринчи офицердик наамды алуу менен запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резерв жыйымдарынан өтүүнү каалаган аскер милдеттүүлөр — 700 эсептик көрсөткүчтөн (70 миң сом) 900 эсептик көрсөткүчкө (90 миң сом) чейин;
  • үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу чакырылган жарандар — 180 эсептик көрсөткүчтөн (18 миң сом) 250 эсептик көрсөткүчкө (25 миң сом) чейин;
  • ден соолугунун абалына байланыштуу чектөөлөр менен чакырылган жарандар — 250 эсептик көрсөткүчтөн (25 миң сом) 400 эсептик көрсөткүчкө (40 миң сом) чейин;
  • курал көтөрүүгө жана Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген ишенимди карманган катталган диний уюмдардын мүчөлөрү, ошондой эле коомго пайдалуу иштерди (кызмат өтөө мөөнөтү ичинде 48 саат) аткарууну каалаган жарандар — 250 эсептик көрсөткүчтөн (25 миң сом) 500 эсептик көрсөткүчкө (50 миң сом) чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

Кыргызстанда 232 чарбага асыл тукум чарба макамы берилди

Кыргызстанда 232 чарба субъектине асыл тукум чарба макамы ыйгарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгынын сапатын жогорулатуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында ведомство атайын комиссия түзүп, чарба субъекттерине жеринде мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 232 чарбага асыл тукум макамы берилди. Анын ичинде:

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Жаңы Ош базары менен жаңы автовокзалга 90 чакырым электр зымы тартылат

Бишкекте көп функционалдуу шаардык комплекс курулуп жаткан аймакта, анын ичинде жаңы Ош базары жана жаңы автовокзалдын аймагында 90 чакырым өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП-3) тартылат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жана "КУЭТ" ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев Бишкек электр тармактары ишканасына барган учурда белгилүү болду. Министр Таалайбек

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

"Лейлек" ЭЭАсы жандандырылат

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы “Лейлек” эркин экономикалык аймагынын абалы менен таанышты. Анда жетекчилер жеринде өндүрүш аймагынын ишин жандантуу маселелерин талкуулашты. Аймакка электр энергиясын жеткирүү, инвесторлорду тартуу боюнча сунуштар ортого салынды. Учурда аймакка электр энергиясын жеткирүү үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

А.Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык төлөөгө өтүүгө чакырды

Курулуш компаниялары бирдиктүү салык төлөөгө өтүшү керектигин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бирдиктүү салык системасы курулуш компанияларынын ишин жеңилдетет. Ал эми курулуш компанияларынын өкүлдөрү бирдиктүү салыкка өткөндөн кийин салыктын ставкасы 10%га чейин өсүп кетиши мүмкүн экенине тынчсыздануусун айтышты. Шыкмаматов бирдиктүү