Япония Кыргызстандагы фермерлерди колдоо долбоорун 4,5 млн долларга каржылайт

Япония Кыргызстандагы фермерлерди колдоо долбоорун 4,5 млн долларга каржылайт

Суу, айыл чарба, кайра иштетүү министрлиги менен БУУнун  Дүйнөлүк азык-түлүк программасы(ДАП) жаңы долбоорду ишке киргизүү боюнча кол коюу аземин өткөрүшкөнүн министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити, ошондой эле ДАПтын Кыргызстандагы өкүлү жана директору Кожиро Накай катышты.

Белгиленгендей, айыл чарба өлкөдөгү айылдык жамааттар үчүн негизги киреше булагы бойдон калууда. Бирок бул тармак климаттын өзгөрүшү, суу тартыштыгы жана заманбап агротехнологиялардын жетишсиз колдонулушу сыяктуу көйгөйлөрдөн улам барган сайын кыйынчылыктарга туш болууда.

Мирбек Дүйшеевдин айтымында, жаңы демилге айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана фермердик кооперативдерди бекемдөө боюнча улуттук артыкчылыктарды толуктайт.

Япония тарабынан бөлүнгөн 4,5 миллион доллар көлөмүндөгү каржылоо Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 17 миң майда фермерге колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Долбоор климаттык өзгөрүүлөргө эң алсыз аймактарда азык-түлүк коопсуздугун, туура тамактанууну жана жашоо каражаттарын жакшыртууга багытталган. Өзгөчө көңүл майда фермерлердин, айрыкча аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө бурулат. Мындан тышкары, суу жана жер ресурстарын туруктуу башкаруу жакшыртылып, тоолуу аймактардагы базар байланыштары бекемделет.

Долбоор JICAнын техникалык колдоосу менен ишке ашырылып, министрликтин мөмө-жемиш жана жашылча продукциясынын кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү боюнча башкы планына салым кошот.

Демилгенин алкагында фермерлерге төмөнкүлөр камсыздалат:

  • сапаттуу көчөттөр;
  • тамчылатып сугаруу системасы бар климатка туруктуу күнөсканалар;
  • суу сактоочу резервуарлар;
  • органикалык компост өндүрүүчү аянтчалар;
  • түшүм жыйнагандан кийинки жоготууларды азайтуу үчүн чакан кампалар.

Ошондой эле төмөнкү багыттар боюнча окутуу программалары каралган:

  • климаттык шарттарды эске алуу менен дыйканчылык жүргүзүү;
  • түшүм жыйнагандан кийинки процесстерди башкаруу;
  • кооперативдерди жана каржыны башкаруу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын