Кыргызстан эл аралык резерви 2025-жылы 3 млрд 515 млн долларга өскөн
Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2025-жылдын декабрь айынын аягында 8 млрд 603,1 млн долларды түзгөнүн Экономика министрлигинин материалдарында белгиленет.
Жыл башынан бери резервдер 3 млрд 515,1 млн долларга, башкача айтканда 69,1%га көбөйгөн.
"Резервдердин өсүшү өлкөнүн тышкы экономикалык көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөрдү, ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту жана төлөм балансын колдоо үчүн тышкы буфердин түзүлүшүн чагылдырууда", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Ошондой эле 2025-жылдын январь–ноябрь айларында жеке адамдардын акча которууларынын агымы өскөнү катталган. Которуулардын көлөмү 3,2 млрд долларды түзүп, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 17,2%га көбөйгөн.
Минэкономиканын маалыматына ылайык, акча которуулардын көлөмүнүн өсүшү эмгек мигранттарынын кирешесинин өсүшү менен байланыштуу жана үй-бүлөлөргө каржылык колдоого таасир этет.