М.Байгөнчоков: Коммуналдык тармактарды масштабдуу модернизациялоого каражат жок
Бишкек шаардык кеңешинин "2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетин жана 2027–2028-жылдарга пландуу мезгилди бекитүү жөнүндө" токтом долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларында биринчи вице-мэр Мирлан Байгөнчөков мэриянын шаардагы бардык инженердик тармактарды кеңири масштабда алмаштырууга азырынча мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.
Буга чейин шаар тургуну жылуулук тармактарын жаңылоо маселесин көтөргөн.
"Эгер баарын бир учурда алмаштыра баштасак, жөнөкөй тил менен айтканда, шаарды аңтар-теңтер кылабыз", — деди ал.
Анын айтымында, мэрия орто мөөнөттүү план иштеп чыгып, ошол алкакта иш алып барат.
"Шаардын мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болгондуктан, бюджеттин алкагында иштейбиз. “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы шаар балансына өткөнүнө эки жыл болду. Биз магистралдык тармактарды — жылуулук, суу түтүктөрүн жана канализация системаларын алмаштыруу үчүн каражат керектигин көтөрүп, Кабинет министрине маалымат берип жатабыз", — деди Мирлан Байгөнчөков.