Мамлекеттик салык кызматы ЭСФнын жаңы формасын киргизди

Мамлекеттик салык кызматы ЭСФнын жаңы формасын киргизди

Мамлекеттик салык кызматы электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын киргизди.

Бул формадагы ЭСФ товарларды Кыргызсстан аймагынан сыртка чыгаруунун алдында таризделет жана электрондук соода аянтчасы аркылуу кийинки сатуу үчүн багытталган экспорттук товарларды документтик коштоо максатында гана колдонулат.

Мындай эсеп-фактураны тариздөө товарды сатуу катары эсептелбейт жана салык милдеттенмелеринин пайда болушуна алып келбейт.

Электрондук соода аянтчасы үчүн ЭСФ кантип таризделет:

– Электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасына кирип, "Маркетплейстер үчүн ЭСФ" бөлүмүн тандаңыз;
– экрандын оң жогорку бурчундагы "Кошуу" баскычын басыңыз;
– андан соң салык төлөөчү белгиленген тартипке ылайык бардык талааларды "Электрондук соода аянтчасында соода жүргүзүүнүн алкагында эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибине" ылайык толтурушу керек.

Белгилей кетүүчү жагдай: электрондук соода аянтчасынын алкагында таризделген эсеп-фактурага оңдоо киргизүүгө болбойт жана ал жараксыз деп табылбайт.

Салык төлөөчү бардык маалыматтарды толук, так жана катасыз киргизүүгө милдеттүү, анткени киргизилген маалыматтар кийин жокко чыгарылбайт жана өзгөртүлбөйт.

Жаңы форма бизнести колдоо жана товарларды Кыргызстан аймагынан үзгүлтүксүз экспорттоого шарт түзүү максатында киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын