Сузак районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жыйын өттү
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында Сузак районунун аймагындагы инженердик тармактарга байланышкан маселелер каралды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мында жалпы 31 объект темир жол линиясынын контуруна туура келет. Анын ичинен 11и ичүүчү суу түтүктөрү, калганы саркынды жана сугат суу каналдары болуп саналат.
Мындан тышкары, жыйында Түштүк Жалал-Абад темир жол станциясын жайгаштыруу схемасы талкууланды. Ага байланыштуу аймакка кирип калган айрым жер тилкелерин коргоо зонасынан чыгаруу, ошондой эле сугат жер тилкелерин алмаштыруу маселелери каралды.

Талкууга президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу" биргелешкен ишканасынын өкүлдөрү, таза суу жана суу чарба башкармалыктарынын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.