Кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособиени кимдер, кандай ала алышат?
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги кош бойлуулук жанга төрөт боюнча маяна алуу тартиби тууралуу маалымат берди.
Кош бойлуулук жана төрөттө боюнча пособие кимдерге берилет:
- жумуш берүүчү менен кызматтык мамиледе болгон аялдар;
- жеке ишкерлер;
- дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү;
- расмий түрдө жумушсуз деп таанылган, жумушсуздук пособиесине укуктуу аялдар.
Пособие алуу үчүн негизги документ – саламаттык сактоо мекемелери тарабынан берилген эмгекке жараксыздык барагы.
Пособие алуу үчүн кайрылуу:
- кызматтык мамиледе иштеген аялдар – иштеген жеринде;
- жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү жана расмий жумушсуздар – аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына.
Пособие алуу үчүн керектелүүчү документтер:
- жумушчу аялдар – арыз (эркин формада) жана эмгекке жараксыздык барагы;
- жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү жана расмий жумушсуздар – расмий формадагы арыз жана персоналдык жеке номер (ПИН);
- кошумча маалыматтар "Түндүк" электрондук платформасы аркылуу алынат.
Пособие өлчөмү жана төлөө тартиби:
- жумушчу аялдар үчүн – биринчи 10 жумуш күнүнө 100% айлык акысын төлөө; 11-күндөн тарта – республикалык бюджеттен ай сайын 20 эсептик көрсөткүч (2 миң сом);
- жеке ишкерлер, дыйкан чарбаларынын мүчөлөрү жана жумушсуз аялдар – 11-күндөн баштап айына 20 эсептик көрсөткүч (2 миң сом);
- 2024-жылдын 1-январынан баштап 11-күндөн тарта пособие өлчөмү 20 эсептик көрсөткүч (айына 2 миң сом) менен аныкталат;
- тоолуу жана алыскы оор шарттагы аймактарда иштеген аялдар үчүн – бардык жумуш күндөрү 100% айлык акысын төлөө.
11-күндөн кийин пособие төлөмдөрү борборлоштурулган түрдө, министрликтин тиешелүү бөлүмү аркылуу, "Элдик банк" же "Айыл банк" аркылуу алууга арыз берген адамдын паспорту менен жүргүзүлөт.