Мамлекеттик имараттар департаментинин башчысы Чынберди Толонов коррупцияга шектелип кармалды
Президенттин иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик имараттар департаментинин башчысы Чынберди Толонов кармалганын күч түзүмдөрүндөгү булактарга таянуу менен ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, ал жуманын башында эле Аскер прокуратурасына жеткирилген.
Кийин Биринчимай райондук соту ага карата бөгөт чарасын тандап, 16-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча шектелүүдө.