Дүйнөдө катуу диск (HDD) тартыштыгы жаралышы мүмкүн

Дүйнөдө катуу диск (HDD) тартыштыгы жаралышы мүмкүн

Катуу диск (HDD) өндүрүүчүлөр 2027-жылга чейинки бардык өндүрүш кубаттуулуктарын алдын ала сатып жиберишти. Гиперскейлерлер Seagate жана Western Digital компанияларынын дээрлик бардык HDD чыгарылышын сатып алышып, корпоративдик рынок үчүн эркин жеткирүүлөрдү дээрлик калтырган жок.

Ири катуу диск өндүрүүчүлөр жакынкы жылдарга карата өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү толугу менен бөлүштүрүлүп бүткөнүн билдиришти. Бул негизинен жасалма интеллект үчүн инфраструктуранын ылдам өсүшү менен байланыштуу.

Финансылык отчеттук конференциялардын жүрүшүндө Seagate жана Western Digital өкүлдөрү 2026-жылга карата пландалган бардык өндүрүш көлөмү сатылып бүткөнүн, ал эми 2027–2028-жылдардагы жеткирүүлөрдүн бир бөлүгү узак мөөнөттүү келишимдер аркылуу алдын ала резервделгенин ырасташты.
Western Digital компаниясынын башкы директору Тианг Ю Тан компания 2026-жылдын аягына чейин дээрлик толук бурйтумалар менен камсыз болгонун жана кийинки жылдарга карата да бир катар кардарлар менен келишимдер түзүлгөнүн билдирди.
Ушундай эле абалды Seagate компаниясынын башкы директору Дэйв Мосли да сүрөттөп, жакынкы эки жыл ичинде компанияда бош өндүрүш кубаттуулугу калбаганын белгиледи.

Тармактык булактардын маалыматына караганда, үчүнчү ири өндүрүүчү — Toshiba — да ушундай эле абалда, бирок компания азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Катуу дисктер жеке компьютерлерден жана ноутбуктардан дээрлик жоголгонуна карабастан, чоң көлөмдөгү маалыматтарды сактоонун эң арзан жолу бойдон калууда. Ошондуктан HDD негизинен дата-борборлордо, булут платформаларында жана ири жасалма интеллект моделдерин окутуу менен алектенген компанияларда кеңири колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Менчиктештирүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоору парламентке киргизилди

Жогорку Кеңешке мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү масштабдуу реформалоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди. Документ мамлекеттик активдерди сатуу механизмдерин түп-тамырынан өзгөртүүнү жана инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүнү сунуштайт. Демилгечи — Министрлер кабинети. Долбоорго ылайык, мыйзамдардан буга чейин колдонулуп келген бир катар менчиктештирүү ыкмалары алынып салынат. Атап айтканда, конкурс аркылуу сатуу, ошондой эле мүлктү ижарага же

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?

Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди. Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Шабдан Баатыр

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө