ЖК депутаты жайыт комитеттерин түзүү чоң ката болгонун билдирди

ЖК депутаты жайыт комитеттерин түзүү чоң ката болгонун билдирди

Депутат Алишер Козуев Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу, айыл чарба министрлигин мурда түзүлгөн жайыт комитеттерин ката чечим катары таанууга чакырды.

Анын айтымында, бир нече жыл мурда министрлик тарабынан жайыт комитеттерин түзүү чечими кабыл алынып, алардын ишмердүүлүгүнө сырттан ири каражаттар тартылган.

"Бул насыялар акырында салык төлөөчүлөрдүн мойнуна жүк болуп түштү. Натыйжада аталган уюмдан пайдага караганда зыяны көп болду. Жайыт комитеттерине каражатты мамлекет берген, ал эми бардык комитеттерди бириктирген уюм эч кимге отчёт бербеген “монстрго” айланды. Азыр Министрлер кабинети катасын түшүнүп, уюмду жоюп, анын ордуна айыл өкмөттөрүнүн алдында мамлекеттик мекемелерди түзүү чечимин кабыл алды. Бул туура кадам болду", — деди Алишер Козуев.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев жайыт комитеттери 2009-жылы мыйзамдын негизинде түзүлгөнүн белгиледи.

"Ал кезде бул демилге актуалдуу болчу, азыр болсо заман талабына жооп бербей калды. Жайыт комитеттери өзүн актаган жок, натыйжалуулугун көрсөткөн жок. Уюм бейөкмөт уюм катары иштеп, аны болгону Эсеп палатасы гана текшере алчу. Азыр бул комитеттер мамлекеттик ишканаларга айланып, түздөн-түз райондун акимдерине баш ийет. Учурда жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча кыска жана узак мөөнөттүү долбоорлор иштелип чыгууда. Бул багытта донорлор менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып жатабыз", — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Жеке мектеп, бала бакча куруучуларга 2 гектарга чейин жер бекер берилет – Садыр Жапаров

Мамлекет жеке менчик бала бакчаларды жана мектептерди куруу үчүн жер бөлүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусунун Араван району тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кимде-ким бала бакча же мектеп курууну кааласа, жер акысыз берилет: район борборлорунда, чакан шаарларда, облустук борборлордо, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында.

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Башкы прокуратурада 1,5 млн архивдик материалдар санариптештирилет

Кыргызстанда сот актыларын мажбурлап аткаруу системасын реформалоонун алкагында "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган системасы иштелип чыкканын Башкы прокуратуранын отчетунда айтылат. Система процесстерди санариптештирүүгө, ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Учурда ал тесттик режимде иштеп жатат. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон болжол менен 1,5 млн архивдик материалды инвентаризациялоо жана санариптештирүүгө

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" аукционунда жалпы 377,6 млн сомдук жер тилкелери сатылды

"Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа класстеринин алкагында “Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабы жыйынтыкталганын "Ала-Тоо Резорт" ААКтын башкармалыгынын мүчөсү – финансы боюнча директору Бакытбек Нарбеков билдирди. Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын үчүнчү күнүндө, 10-апрелде 7 лот сатылды. "7 лот өз ээлерин тапты. Мында 4 жылдыздуу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып келет. Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла