Былтыр спорт тармагына 2,6 млрд сом бөлүнгөн

Былтыр спорт тармагына 2,6 млрд сом бөлүнгөн

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегия жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кзыматынан билдиришти.

Жыйында Эдил Байсалов спорт тармагына мамлекеттик колдоо жыл сайын өсүп жатканын белгилеп, 2020-жылы бюджеттен 800 млн сомго жакын каражат бөлүнсө, 2025-жылы бул сумма дээрлик 2,6 млрд сомго жеткенин айтты. Анын белгилешинче, бул мамлекеттин спортко болгон ишениминин жана спортчулар алдындагы жоопкерчилигинин айкын далили.

Ошондой эле ал 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасынын алкагында массалык спортту өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо, олимпиадалык резервди даярдоо, мектептерде спорттук секцияларды көбөйтүү жана аялдар спортун колдоо негизги багыттар болорун белгиледи.

Мындан тышкары, жыйында XXXIV жайкы Олимпиада оюндары жана XVIII жайкы Паралимпиада оюндарына даярдык көрүү маселеси өзгөчө баса белгиленип, спортчуларды системалуу жана сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгү айтылды.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди:

  • спорттук-саламаттыкты чыңдоо медицина борборун ишке киргизүүнү тездетүү;
  • массалык мелдештерде коопсуздук чараларын күчөтүү;
  • спорт тармагындагы кызматтарды санариптештирүүнү активдештирүү;
  • кадрларды даярдоо системасын жаңылоо.
Ошондой эле 2026-жылы Кыргызстанда ири эл аралык спорттук мелдештерди өткөрүү, анын ичинде күрөш боюнча Азия чемпионатын, Ысык-Көлдө парустук спорт боюнча Борбордук Азия чемпионатын жана Көчмөндөр дүйнөлүк оюндарынын кезектеги этаптарын өткөрүү пландалганы айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

Кыргызстанда былтыр медициналык мекемелерден 3 млн 349 миң сом айып пул алынган

2025-жылы Кыргызстанда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы медициналык мекемелерде 3 145 комплекстүү текшерүү жүргүзгөн. Анын ичинен 959 текшерүү жеке клиникаларда өткөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Санжар Темирбеков билдирди. Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2 245 санитардык талаптар берилген, ал эми 1 111 жооптуу адам

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму Кыргызстанга 11 млн. 600 миң доллар кайтарымсыз каражат бөлөт

Япония эл аралык кызматташтык уюму(JICA) Кыргызстанга 11 млн 600 миң доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов билдирди. Анын айтымында, каражаттар Ош шаарындагы түштүк аймагына кызмат көрсөткөн референс-ооруканаларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого багытталат. Гранттын алкагында төмөнкү жабдууларды сатып

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 14 асыл тукум ат сатылып алынат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 14 асыл тукум ат сатылып алынат

Мамлекеттик асыл тукум чарба холдинги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү үчүн 14 асыл тукум ат (англис жана орус таскак атынын породасынан ) сатып алууну пландап жатат, алга каражат 32,8 млн сомду түзөт. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынын маалымдашынча, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкта ат чарба объектилери — аткана, манеждер, спорт

Кыргызстан былтыр сырттан 139 065 унаа импорттогон

Кыргызстан былтыр сырттан 139 065 унаа импорттогон

2025-жылдын январь — декабрь айларында Кыргызстан 139  065 жеңил автоунааны импорттоп, ага 1 млрд 78,6 млн доллар жумшаганын Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин анализинен көрүүгө болот. Мамлекетке 2024-жылга салыштырмалуу 1 967 жеңил автоунаа аз алынып келген. Баалык эсепте импорт 38,1%га төмөндөгөн. Негизинен автоунаалар 2025-жылы төмөнкү өлкөлөрдөн алынып келген: Түштүк