Кыргызстандагы ишкер айымдарга акысыз колдоо көрсөтүлөт – ментордук программага кабыл алуу башталды

Кыргызстандагы ишкер айымдарга акысыз колдоо көрсөтүлөт – ментордук программага кабыл алуу башталды

“Ишкер айымдар” ментордук программасынын юбилейлик сезонуна чакан жана орто бизнесте кеминде эки жылдык тажрыйбасы бар ишкер айымдар катыша алышат. Анкеталарды толтуруунун мөөнөтү – 2026-жылдын 2-мартына чейин.

Кыргызстанда “Ишкер айымдар” ментордук программасынын бешинчи юбилейлик сезонуна катышуучуларды кабыл алуу башталды. Бул демилге аялдардын ишкерлигин колдоого жана экономикадагы аял-лидерлердин ролун бекемдөөгө багытталып, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен FINCA Банкынын биргелешкен колдоосунун негизинде ишке ашырылууда. 

Өз ишин өнүктүрүп жаткан жана жети ай бою бизнесин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даяр ишкер айымдар программага катышууга өтүнмө бере алышат. Программага катышуу акысыз.

Ментор катары тажрыйбалуу ишкерлер чакырылууда, алар ментини программанын бардык этабында коштоп, өз тажрыйбасын алар менен акысыз бөлүшөт. Менторлор жана ментилер үчүн кабыл алуу уланууда – анкеталарды толтуруунун мөөнөтү 2026-жылдын 2-мартына чейин.

Программанын алкагында катышуучулар онлайн жана офлайн тренингдерден өтүшөт, кросс-ментордук сессияларга, таңкы бизнес-тамактанууларга жана ири өндүрүштүк ишканаларга экскурсиялык сапарларга катышат. Мындай формат катышуучулардын бизнести жана каржыны башкаруу көндүмдөрүн жакшыртууга, ошондой эле пайдалуу бизнес байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ментордук программа Кыргызстанда 2019-жылдан бери ишке ашырылып келет. Ал ЕРӨБдүн “Ишкер айымдар”насыялык линиясы аркылуу көрсөтүлүүчү финансылык эмес кызматтардын алкагында ишке ашырылат жана аял ишкерлерди колдоо максатында Финансылык демилге (We-Fi) жана Швейцариянын Өкмөтүнүн колдоосу аркылуу ЕРӨБдүн чакан бизнести колдоо фонду менен биргеликте ишке ашырылууда. Мындан тышкары, аталган демилгеге Ирландия, Италия, Жапония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань, ЕРӨБдүн техникалык кызматташтык бизнес-фонду, Улуу Британия жана АКШ да колдоо көрсөтөт.

Анкетаны толтурууга шилтеме: https://bibsh.mssg.me/ 

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев кызмат ордунан бошотулду

Бакыт Төрөбаев кызмат ордунан бошотулду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Төрөбаев Бакыт Эргешевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана

Былтыр диний себептерден улам эмдөөдөн баш тарткандар 43%га төмөндөгөн

Былтыр диний себептерден улам эмдөөдөн баш тарткандар 43%га төмөндөгөн

Республикалык иммунопрофилактика борбору Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен 13 вакцина боюнча фатва чыгаруу маселесин карап жатканын Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, эмдөө календарына ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайлар төрөлгөндөн кийинки алгачкы 24 саат

Улуттук илимдер академиясына 26 атайын кызматтык унаа тапшырылды

Улуттук илимдер академиясына 26 атайын кызматтык унаа тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясына (УИА) 26 бирдик атайын кызматтык автотранспорт каражатын тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, унаалар УИАнын илимий мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында сатып алынып, археологиялык, геологиялык, геофизикалык, биологиялык жана башка талаа илимий-экспедициялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталат. Автотранспорт каражаттары

Кыргызстандын айыл чарба техникасы жазгы иштерге 82% даяр

Кыргызстандын айыл чарба техникасы жазгы иштерге 82% даяр

Кыргызстанда айыл чарба техникасынын жалпы даярдыгы 82%ды түзөрүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бүгүнкү күндө республика боюнча 92 миңден ашык айыл чарба техникасы бар. Анын ичинде 22 428 трактор, 1 960 дан комбайны жана башка негизги техникалар бар. "Учурда аймактарда 2026-жылдын жазгы