Тигүү тармагындагы ишканалар жеңилдетилген насыя ала алышат
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-январындагы №1-тескемеси менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын ЧОИ субъекттерин пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен жеңилдетилген кредиттөө" долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Бул долбоордун алкагында тигүү тармагындагы ишканалар ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюмдар аркылуу жеңилдетилген кредит ала алышат. Кредиттөө төмөнкү банктар аркылуу жүргүзүлөт:
- "Айыл Банк" ААК
- "Элдик Банк" ААК
- "Ишкердикти өнүктүрүү фонду МКК" ААК
- "Керемет Банк" ААК
Программа 2026-2030-жылдар аралыгында ишке ашырылып, тармактын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, экспорт көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган, анын ичинде региондордо ишкердикти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Кеңеш алуу жана арыз берүү үчүн ишканалар төмөнкү байланыш номерлерине кайрылса болот:
- "Элдик Банк" ААК – +996 706 911 111, 9111
- "Айыл Банк" ААК – +996 990 55 11 00, 5511
- "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК – +996 557 95 67 99
- "Керемет Банк" ААК – +996 997 55 44 44, +996 (312) 55 44 44
Насыя алуу үчүн талап кылынуучу документтер жана кредиттөө шарттары тууралуу кошумча маалымат банктардан берилет.