Кыргызстан 5 жыл ичинде 111 ломбарддын лицензиясын жокко чыгарды

Кыргызстан 5 жыл ичинде 111 ломбарддын лицензиясын жокко чыгарды

Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда 111 ломбарддын лицензиясы жокко чыгарылып, 11 лицензиянын аракети токтотулду. Жалпы салынган айып пулдардын суммасы 8 млн 414 миң сомду түзгөнүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.  

Ведомство ломбарддык ишмердүүлүктү реформалоонун беш жылдык жыйынтыгын чыгарды. Бул мезгил аралыгында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, калктын карыз жүгүн азайтууга жана рынокту көмүскө аймактан чыгарууга багытталган өзгөрүүлөр жүргүзүлгөн.

2024-жылдын май айынан тарта жылдык пайыздык ченге мыйзамдык чектөө киргизилип, ал "Улуттук банк чени + 12 пайыз" формуласы боюнча аныкталууда. Иш жүзүндө бул насыялардын баасын жылына орточо 30% деңгээлине чейин төмөндөтүп, 100–300% менен акча берүү учурларын жойгон.

Ошондой эле 200 миң сомго чейинки насыялар боюнча карыз алуучулар тууралуу маалыматты кредиттик бюролорго өткөрүүгө тыюу салынды. Бул жарандардын жеке маалыматтарын коргоого жана майда тиричилик насыялары үчүн алардын кредиттик тарыхынын начарлашына жол бербөөгө багытталган. Мындан тышкары, Министрлер кабинети ломбарддарга кардардын милдеттенмелерин көбөйткөн шарттарды өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салды.

Регулятор ички көзөмөл жана кардарлардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо талаптарын күчөттү. Күрөө мүлкүнүн сакталуусу жана мыйзамсыз кармап калууга жол бербөө өзгөчө көзөмөлгө алынды. Ломбарддар тобокелдиктерди башкаруу системасын киргизүүгө милдеттендирилип, Финансы рыногун көзөмөлдөө кызматы тобокелдикке багытталган мониторингге өттү.

Рынокту консолидациялоо максатында капиталды этап-этабы менен көбөйтүү графиги киргизилди:
  • 2025-жылдын 1-январынан тарта — 3 млн сом;
  • 2026-жылдын июлунан тарта — 7 млн сом;
  • 2027-жылы — 14 млн сом;
  • 2028-жылдын июлуна чейин — 20 млн сомго жеткирүү каралган.

2026-жылдын 25-февралына карата Кыргызстанда расмий түрдө 383 ломбард иш алып барууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү ири базарларды жаңылоо маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал буга чейин берилген убадаларга карабастан, "Дордой" базары азыркыга чейин заманбап соода борборуна айланбаганын сынга алды. Президент эскерткендей, ал кызматка келгенден бери контейнердик соода форматынан баш тартуу тапшырмасын койгон. Анын планы боюнча Дордой базары, Ош базары жана

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Президент  Садыр Жапаров колдоосу менен Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталарын Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, борбор облустагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын — жашылча-жемиштерди, этти, картошканы жана башка товарларды сактоо, ташуу жана сорттоо үчүн кызмат кылат. Жаңы инфраструктура ыңгайлуу шарттарды түзүп, продукциянын сапатын жакшы сактоого

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө алкагында бир катар эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонгон. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын тийиштүү отчетунда маалымдалган. Берилген маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде банктарга карата 1 эскертүү жөнөтүлүп, 1 жазма буйрук берилген. Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган учурлар үчүн 1 айыптык

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай Баатыр стратегиялык унаа жолун реконструкциялоо иштери бекитилген планга ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү. Мындан тышкары, 27,3 чакырым аралыкка жолдун жогорку бышык катмары (ЩМА) басылды. Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана