"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду.

Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча ири долбоордун уландысы болуп саналат. 2025-жылы түзүлгөн алгачкы келишимдин алкагында эки негизги аркан жолу курулуп жатат. Аларды пайдаланууга берүү 2026-жылдын май айына пландалган.

Бүгүн кол коюлган документке ылайык, 2026-жылдын аягына чейин Жыргалаңда дагы төрт аркан жолу орнотулат. Натыйжада декабрь айына карата линиялардын жалпы узундугу 8 чакырымдан ашып, лыжа трассаларынын узундугу 46 чакырымга жетет.

Курортту өнүктүрүүнүн биринчи фазасы

Валерий Яшин белгилегендей, 2025-жылдан тарта адистер инфраструктуралык объектилерди куруу менен катар Жыргалаңдын комплекстүү өнүгүүсүнүн мастер-планын иштеп чыгышкан.

Биринчи фазада аркан жолдордон тышкары кошумча инфраструктура да каралган. 2026-жылы тоодо толук кандуу кызмат көрсөтүү комплексин түзүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлөт. Максат — декабрь айына чейин туристтерге дүйнөлүк алдыңкы багыттарга тең келе турган тейлөө деңгээлин камсыз кылуу.

Заманбап технологиялар жана эл аралык тажрыйба

Компания өкүлдөрүнүн айтымында, курортко орнотулуп жаткан жабдуулар тармактагы эң заманбап чечимдердин катарына кирет.

Doppelmayr компаниясынын долбоорлорунун болжол менен 60%ы бийик тоолуу аймактарда ишке ашырылат. Компания дүйнөнүн 96 өлкөсүндө иш алып барат жана мындай масштабдагы объект Кыргызстандагы алгачкы долбоору болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

"Дордойду" заманбап соода борборуна айлантуу сунушумду айткам – С.Жапаров

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү ири базарларды жаңылоо маселеси боюнча пикирин билдирди. Ал буга чейин берилген убадаларга карабастан, "Дордой" базары азыркыга чейин заманбап соода борборуна айланбаганын сынга алды. Президент эскерткендей, ал кызматка келгенден бери контейнердик соода форматынан баш тартуу тапшырмасын койгон. Анын планы боюнча Дордой базары, Ош базары жана

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Нарын районунда муниципалдык логистикалык борбор курулат

Президент  Садыр Жапаров колдоосу менен Нарын районунда жаңы муниципалдык логистикалык борбордун курулушу башталарын Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, борбор облустагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларын — жашылча-жемиштерди, этти, картошканы жана башка товарларды сактоо, ташуу жана сорттоо үчүн кызмат кылат. Жаңы инфраструктура ыңгайлуу шарттарды түзүп, продукциянын сапатын жакшы сактоого

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде банктарга карата бир катар чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө алкагында бир катар эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонгон. Бул тууралуу жөнгө салуучу органдын тийиштүү отчетунда маалымдалган. Берилген маалыматка ылайык, отчеттук мезгилде банктарга карата 1 эскертүү жөнөтүлүп, 1 жазма буйрук берилген. Ошондой эле мыйзам талаптарын бузган учурлар үчүн 1 айыптык

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Корумду – Балбай Баатыр жолунда 27,3 чакырымга жогорку катмар төшөлдү

Жалпы узундугу 79,3 чакырымды түзгөн Корумду – Балбай Баатыр стратегиялык унаа жолун реконструкциялоо иштери бекитилген планга ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда асфальт-бетондун төмөнкү катмары толук төшөлүп бүттү. Мындан тышкары, 27,3 чакырым аралыкка жолдун жогорку бышык катмары (ЩМА) басылды. Инфраструктураны жакшыртуу алкагында 14 көпүрөнүн жана