Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасынын жабдууларын чыгаруучу завод курулат
Москва районунда тамчылатып жана чачыратып сугаруу системалары үчүн жабдууларды өндүрүүчү завод куруу пландалып жатканын Кыргызстандын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү билдирди.
Долбоорду ишке ашыруу максатында түрк инвестору менен сүйлөшүүлөр жүрүп, өндүрүш комплексин Ак-Суу айыл аймагындагы 10 гектар жер тилкесине жайгаштыруу макулдашылды.
Долбоордун инвестору — айыл чарба сугаруу тутумдарына адистешкен Akplas plastik sanayi ve ticaret A.S. түрк компаниясы. Заводдо полимердик түтүктөр, фитингдер, сууну чыпкалоо жана сепарациялоо жабдуулары чыгарылат.
Кыргыз тараптан долбоорду Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коштоп жатат.
Бул өндүрүш суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, сугат суусунун жоготууларын азайтууга жана агрардык секторго заманбап технологияларды киргизүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, заводдун ишке кириши жаңы жумуш орундарын түзүп, аймактын экспорттук потенциалын жогорулатат.