Былтыр Кыргызстан 700 млн долларлык еврооблигация жайгаштырды

Былтыр Кыргызстан 700 млн долларлык еврооблигация жайгаштырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча баяндама жасады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү мурдагы узак мөөнөттүү болжолдордон кыйла ашты. 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында жылдык орточо өсүш 5% деңгээлинде каралган болсо, акыркы төрт жылда реалдуу өсүш орточо 10% түздү. 2025-жылдын жыйынтыгында ИДП 1 триллион 976,4 миллиард сомго жетип, реалдуу өсүү 11,1% болду.

Касымалиев 2030-жылга чейин өлкө тейлөө моделинен индустриалдык-агрардык экономикага өтүп, өндүрүштүн үлүшүн 28–30%га чейин көбөйтүү максаты коюлганын белгиледи.

2025-жылы консолидацияланган бюджет 1 триллион 101,4 миллиард сомго жетти. Салык кызматынын кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик төрт эсеге өсүп, 304,3 миллиард сомду түздү. Бажы кызматынан түшкөн кирешелер “Смарт Бажы” системасын киргизүүнүн натыйжасында алты эсеге көбөйүп, 157,4 миллиард сомго жетти.

Өлкө ошондой эле капитал тартуунун жаңы инструменттерин колдонду. Алгачкы жолу 700 млн АКШ доллары өлчөмүндө еврооблигациялар жайгаштырылды. Мындан тышкары, алтын менен камсыздалган 50 млн токен көлөмүндөгү "USD KG" улуттук стейблкоининин эмиссиясы ишке ашырылып, "KG ST" стейблкоини эл аралык биржада листингден өттү.

Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо алкагында “Өкмөттүк акселераторлор” программасы ишке киргизилип, 100 күндүн ичинде 12 артыкчылыктуу маселе чечилди. 30дан ашык мыйзам долбоору иштелип чыгып, алардын 16сы кабыл алынды. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү кыскартылды.

Бизнеске колдоо көрсөтүү багытында жеңилдетилген насыялар, жер преференциялары жана ири долбоорлор боюнча мамлекеттик кепилдиктер каралган.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев туруктуу өнүгүү үчүн мамлекеттик органдардын координацияланган иши маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга алынып кирген техникалардын баасынан бурмалоолор аныкталды

Кытайдан Кыргызстанга автоунааларды алып кирүүдө массалык бурмалоо фактылары аныкталганын Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери мониторинг жана маалыматтарды талдоо учурунда автоунаалардын чыгарылган жылын өзгөртүү жана так эмес маалыматтарды камтыган документтерди берүү боюнча системалуу учурларды аныкташкан. Мунун кесепетинен бажы төлөмдөрү толук төлөнбөй

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда аба ырайына байланыштуу быйыл себүү иштери 10–15 күнгө эрте башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди. Ошондой эле район аймагында 8 473

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле долбоор өлкөнү эл

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак